Репродукция борборунун директору Нургүл Шоонаева билдиргендей, Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган тургуну 13-январда 34 жума 5 күндүк кош бойлуулук диагнозу менен түшкөн. Ал кош бойлуу аялдардын патологиясы бөлүмүнө жаткырылган. Экинчи кош бойлуулук, экинчи төрөт. Кош бойлуу аял преэклампсия оорусуна байланыштуу ошол эле күнү шашылыш кесарево операциясына алынган. Бир уул, эки кыз төрөлдү. Биринчи баланын (уулдун) салмагы 2150 грамм, экинчи ымыркайдын (кыздын) салмагы 2250 грамм, үчүнчү баланын (кыз) салмагы 1850 грамм.
Камчыбек Ташиев Дүйнө кубогунун коло медалынын ээси Нурадин Рустамбек уулуна унаа белек кылды
Бүгүн, 10-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Астанада болуп өткөн бокс боюнча Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеп, коло медалдын ээси болгон Кыргызстандык...