Temirov LIVE YouTube-каналынын журналисттеринин кеңсесине милиция кызматкерлери жана беткапчан адамдар келип, кандайдыр бир документтерге кол коюуну талап кылышууда. Бул тууралуу аталган каналдын кызматкерлери билдиришти. Алдын ала маалыматка караганда, укук коргоо органдары Адылбек кызы Айпери аттуу жарандын арызынын негизинде кеңсени тинтип жатышат.
Temirov LIVE YouTube-каналынын менеджеринин айтымында, укук коргоо органдары алгач адвокатты дагы киргизбей, кармап турушту. Temirov LIVE командасынын журналисти Актилек Капаров укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кеңсеге саат 19:15терде киргенин билдирди. Журналисттин айтымында, тинтүүнү ИИМдин алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жүргүзүп жатат.
Андан соң милиция кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темировду кармап, алып чыгып кетишти.
Бүгүн, 9-июль күнү болжол менен саат 10:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Тоң районунун аймагындагы кокту-колоттордон сел жүрүп, Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол унаа жолунун...
Бүгүн, 9-июлга караган түнү Койбагаров көчөсүндөгү №1 турак жайдын түндүк тарабындагы жылуулук тармагынын бузулушуна байланыштуу №3 кичи райондогу №1, 2,...
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда саат 10:30да чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол...
"Бир дагы адам күнөөсү жок жазаланбашы керек" деген УКМК төрагасы кызматкерлерине кайрылды. "Күнөөсү жок жазаланып калса, баарыбыздын күнөөбүз, иштеги жетишпегендигибиз болот....
Изилдөөчү Петр Семенов-Тянь-Шанскийдин Балыкчыдагы эстелиги алынып, башка жакка орнотулат. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев соцтармак колдонуучуларга жооп катары...