Сокулукта жол тандабастын айдоочусу эки окуучу кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан ырасташты.
Жол кырсыгы кечээ, 18-февралда саат 7:20 чамасында катталган. Toyota Land Cruiser унаасынын айдоочусу кырсык катталган жерден из жашырып кеткен. Кийин ал Сокулук районунун кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалып, териштирүү үчүн айдоочуну тергөө тобуна өткөрүп беришти. Унаасы айып короо жайына токтотулган. Жабырлануучулар 14-15 жаштагы кыздар жана алар ооруканага жаткырылды.
Кырсыктын видеосун блогер Болот Ибрагимов жарыялап, соккудан кыздар учуп кетип, чакан автобустун астында калышканы маалымдалган.
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...
Бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...
Таласта алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга 36 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 27-апрель күнү саат...
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кызматтык жасалмачылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Жогорку билим берүү системасында коррупцияга каршы...