2026-жылдын 19-январында УКМК төрагасы К.Ташиев КР жараны С.М.ге карата козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучу деп таанылган жарандар менен жолугушту. УКМКнын штаб-квартирасында өткөн жолугушууга кармалган жаран да катышты. Тергөөнүн жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолгон С.М. узак убакыт бою мыйзамсыз күрөө жана сүткорлук менен алектенгени аныкталган.
Тергөө өзгөчө «Эксперт Строй» ЖЧКсынын («Шёлковый путь» турак жай комплекси) жана «Арз Девелопмент» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө багытталган. Аталган С.М. үлүштүк курулушка эки жер тилкесин берүү менен долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук кылып, камакка алуу жана келишимдерди бузуу демилгесин көтөрүп, өзгөчө ири өлчөмдө кошумча пайда алуу максатында мыйзамсыз талаптарды койгондугу такталган. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында “Шёлковый путь” ТЖК, «Арз Девелопмент» ЖЧКсынын 89 үлүшчүсү, ошондой эле бир катар жеке адамдар жабырлануучу деп табылган.
Жыйынтыгында жалпы материалдык зыян өзгөчө чоң деп бааланып, ага кыймылсыз мүлктү, унааларды жана каражаттарды мыйзамсыз ээликтен ажыратуу кирген. Мындан улам, К.Ташиев УКМК кызматкерлерине бардык күрөөканаларды текшерүү керектигин айткан.
«Путь в жизнь» реабилитациялык борбордогу жарандар кыйноого алынганы ачыкталды
“Путь в жизнь” реабилитациялык борборунун мыйзамсыз иштөөсүнө байланыштуу бир катар жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты. «Путь в жизнь» реабилитациялык...








