Кыргызстанда балдардын акчага болгон көз карашы кескин өзгөрүп жатат. Ал эми бул жөн эле сабак эмес, кыялдарды ойготкон, келечекти өзгөрткөн окуя болду.
Global Money Week 2026 алкагында MBANK ишке ашырган MJunior долбоору миңдеген өспүрүмдөрдү камтып, аларды акчаны туура пайдаланууга үйрөттү. Бирок эң кызыгы бул кургак теория эмес, балдардын жүрөгүнө жеткен жандуу тажрыйба болду.
30-март күнү Ж. Баласагын атындагы КУУда старт алган иш-чара өзгөчө маанайда өттү. Иш-чара «Акылдуу акча — бакубат жашоо» деген ураан менен башталып, ачылыш учурунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Банктар союзунун өкүлдөрү студенттер менен ачык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Ал эми MJunior амбассадорлору Азим Азимов кызы менен сахнага чыгып, жөнөкөй үй-бүлөдө да финансы маданияты болушу керек экенин көрсөттү.
Бирок эң таасирдүү учурлар мектептерде болду.
31-мартта Бишкектеги окуучулар кадимки сабактын ордуна оюн аркылуу акча табууну, сактоону жана көбөйтүүнү үйрөнүштү. CashFlow оюну башталганда класстарда өзгөчө атмосфера жаралды. Бирөөлөр инвестиция кылып, бирөөлөр чыгымын эсептеп, айрымдары утулуп кайра аракет кылышты.
«Мага абдан жакты… акча кантип иштээрин биринчи жолу түшүндүм», дейт 33-мектептин окуучусу Билал.
Мугалимдер да кайдыгер калган жок. Алардын айтымында, мындай сабактар азыркы замандын эң чоң муктаждыгы.
1-апрелде жеңүүчүлөр MBANKтын чоң IT-хабына барышты. Ал жерде алар банк жөн эле акча сакталган жер эмес, бул технология, идея жана креативдин айкалышы экенин түшүнүштү.
Балдардын айрымдары ошол жерде өз келечегин көргөнүн жашырган жок.
«Мен банктын ичинде ушунча көп кесип бар экенин билген эмесмин», дейт Килия.
«Бул жакка келип, ким болорумду ойлонуп калдым», дейт Миша.
Окуучулар жөн гана карап турбастан, MJunior колдонмосун өздөрү текшерип көрүштү. Алар саякат пландап, билет сатып алып, акчаны кантип туура бөлүштүрүүнү практика жүзүндө түшүнүштү.
2-апрелде иш-чара Ошко жетти. ОшМУдагы финансылык жарманке 600дөн ашуун катышуучуну чогултту, алардын арасында ИИМдин студенттери, Депозиттерди коргоо агенттигинин жана MBANKтын өкүлдөрү болду. Банктын адистери катышуучуларга санариптик коопсуздук жана заманбап банктык продуктылар боюнча кеңеш беришти.
Жыйынтыктоочу иш-чаралар Ош шаарындагы Бөкөнбаев жана Макаренко атындагы мектептерде өттү. MJunior командасы жана эксперт Майрам Абдыкаимова зериктирген лекциялардан баш тартып, практикага басым жасашты. 6–9-класстын окуучулары ошол жерде эле акча купюраларынын коргоо элементтерин, чыгымдарды көзөмөлдөөнүн негиздерин жана топтоо пландарын түзүү ыкмаларын үйрөнүштү. Кирешеси 500 сом болуп, 700 сом коротуу эмне үчүн финансылык тузак экенин талкуулашты.
Эң таасирдүү учур балдардын ачык айткандары болду. Көпчүлүгү ата-энесин саякатка жиберүү үчүн акча топтоону кыялданышат. MBANK MJunior колдонмосундагы санариптик «Копилка» жана тапшырмалар системасы бул максаттарды чыныгы топтоо планына айлантууга көмөкчү болоорун көрсөттү.
Чыныгы кызыгуу CashFlow оюну учурунда башталды. Мектеп парталары биржаларга айланып, өспүрүмдөр дарыгер же менеджер ролунда «чычкан жарышынан» чыгып, пассивдүү киреше дүйнөсүнө өтүүнү үйрөнүштү. Алгачкы катышуучулар ири келишимдерди түзө баштаганда, класстар кол чабууларга жана акциялардын кирешелүүлүгү тууралуу талаш-тартыштарга толду.
MBANK өкүлү Гульзат Медетованын айтымында, мындай сабактардан кийин балдар акчаны жөн эле коротпой, сактоону ойлоно башташат.
Ош шаарында өткөн финал ийгиликти тастыктады: мындай жолугушуулар канчалык көп болорун сураганда, жүздөгөн окуучулар бир добуштан «Ар күнү!» деп кыйкырышты.
Балдар сертификаттарын алып чыгып бара жатып, эми кантип акча топтой турганын сүйлөшүп жатышты. Кимдир бирөө ата-энесине белек алууну, кимдир бирөө келечегине инвестиция салууну кыялданып жатты.
Бул жөн гана долбоор эмес. Бул жаңы муун. Акчаны түшүнгөн, баалаган жана туура колдонгон муун.
Global Money Week 2026 көрсөткөндөй, MBANK технологияны гана эмес, адамдарды да өнүктүрүп жатат.
MBANK Кыргызстанда жасалган!
MJunior балдар үчүн эң мыктысы!
Лицензия НБ КР №014.