“Береке” мобилдик тиркемеси Кыргызстанга кулачын жайды

“Береке” мобилдик тиркемеси Кыргызстанга кулачын жайды.

«Айыл Банк» ААК чакан жана орто ишкерлик менен алектенгендердин ишин жеңилдетүү максатында “Береке” мобилдик тиркесин иштеп чыгуу менен Кыргызстандын булуң-бурчун түрө кыдырып, тиркеменин түзүлүшү жана аны колдонуунун артыкчылыктары жөнүндө маалымат кербенин уюштурду.

«Береке» мобилдик тиркемеси чакан жана орто бизнес ишкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында смартфон аркылуу бир катар салык жана банк кызматтарын көрсөтүү үчүн иштелип чыккан.

Тиркеменин өзгөчөлүктөрү тууралуу банктын кызматкерлери Кара-Балта, Талас, Токмок, Кант, Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Нарын, Базар-Коргон, Кара-Суу, Өзгөн, Ош жана Кадамжай шаарларынын коноктору жана тургундары менен менен жолугушууларды уюштурду. Презентацияга жалпы жонунан 10 миңден ашуун адам катышып, 7 миңден ашууну дароо тиркемени көчүрүп, колдонууга өттү.

«Айыл Банк» ААК Башкармалыгынын төрасынын орун басары Нурдин Мусураливдин айтымында, «Береке» тиркемеси чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн салык органдарына жана банктарга баруудагы убакытын алда канча үнөмдөйт.

“Бизнести жүргүзүүнү кыйла жеңилдете турган пайдалуу жана көп функционалдуу тиркемени сунуш кылып жатканыбызга сыймыктанабыз. Тиркемедеги уникалдуу жана керектүү аспаптардын болушу ишкерлерге онлайн режиминде салык милдеттенмелерин натыйжалуу жана оңой аткарууга мүмкүндүк берет. Жеке ишкерлер тиркеменин көмөгү менен каалаган учурда эсеп ачууга мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле патентти онлайн каттоо, аны аралыктан тапшыруу, QR аркылуу төлөмдөрдү комиссиясыз кабыл алуу же эсепке заматта чегерүү мүмкүнчүлүктөрү каралган. Тиркеме аркылуу жарандар салык карызынын бар же жогун да көрө алат”, — деди ал.

Тиркеменин колдонуучулары төмөнкү онлайн кызматтарды ала алышат:

КР НБ лицензиясы №048