«Берешен Рамазан»: Рамазан айында MIslamic’тен кафе жана ресторандарда 10% кешбэк

19-февралдан тарта Кыргызстанда MIslamic Gold банк карталарынын ээлери үчүн «Берешен Рамазан» акциясы башталды. Бул тууралуу MBANK‘тын расмий сайтында маалымдалдs. Демилге ыйык Рамазан айынын башталышына арналган жана 2026-жылдын 19-мартына чейин уланат.

10% кешбэкти кантип алса болот: 3 жөнөкөй кадам

Жакшылык жана берешендик айына MBANK менен бирге кошулуңуз! Эгер сизде азырынча MIslamic Gold картасы жок болсо — аны ачууга эң ылайыктуу учур.

«Ыйык ай — бул берешендиктин жана камкордуктун мезгили. MIslamic ар бир мусулман үчүн маанилүү болгон баалуулуктарды эске алуу менен исламдык банкингдин этикалык принциптерине негизделген колдоо инструменттерин ишке киргизүүдө. Биз сиздердин жакындарыңыз менен өткөргөн ооз ачууларыңыз мындан да жеткиликтүү жана кубанычтуу болушу үчүн жөнөкөй жана ачык кешбэк механизмин түздүк», — деп билдирет MIslamic жетекчилиги.

Маанилүү шарт: акциянын бүткүл мөөнөтү ичинде бир колдонуучуга эсептелчү кешбэктин максималдуу суммасы 1 000 сомду түзөт.

Ар бир ооз ачуу жылуу өтсүн, айыңыз берекелүү болсун.