Экологиялык таза жылытуу системаларына өтүү үчүн мамлекеттик жеңилдетилген насыялар жеткиликтүү

Бишкек шаарынын жана ага жакын райондордун тургундары заманбап, экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу үчүн 1 миллион сомго чейин мамлекеттик жеңилдетилген насыя ала алышат. Бул кредиттик линия Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Мамлекет тарабынан үй чарбалары үчүн жеңилдетилген насыялар жылдык 8% менен 60 айга чейин берилет. Жарандар экологиялык таза жылытуу системаларын сатып алуу жана орнотуу үчүн 1 000 000 сомго чейин каражат ала алышат.

Ошондой эле долбоордун алкагында жылытуу жабдууларын жеткирүүчү компаниялар үчүн өзүнчө кредиттик терезе каралган. Алар заманбап жылытуу системаларын жеткирүү жана орнотуу үчүн жылдык 10% менен 60 айга чейин 5 000 000 сомго чейин каржылоо тарта алышат.

Насыя берүү долбоордун өнөктөш банктары — АБанк, Элдик Банк жана Бакай Банк аркылуу жүргүзүлөт.

«Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоору Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин азайтууга багытталган. Анын ичинде көмүр менен жылытуудан пайда болгон PM2.5 майда бөлүкчөлөрүнүн жана парник газдарынын чыгышын кыскартуу максаты коюлган. Жылытуунун заманбап технологияларын колдонуу абанын негизги булгоочу булактарынын бири болгон көмүр мештерин жана эски мештерди колдонуу көлөмүн азайтууга, ошондой эле калктын ден соолугуна тийгизген терс таасирин кыскартууга мүмкүндүк берет.

Жылуулук насостору жылытуу үчүн энергияны үнөмдөөчү натыйжалуу чечимдердин бири болуп саналат. Алар көмүр менен жылытууга салыштырмалуу кыйла үнөмдүү, электр энергиясын бир кыйла аз керектейт жана электр энергиясын керектөөгө киргизилген чектөөлөр шартында да иштей алат. Мындан тышкары, мындай системалар үйдү ысык суу менен камсыздап, жайында бөлмөлөрдү салкындатуу үчүн да колдонулушу мүмкүн.

Жеңилдетилген насыялардын шарттары жана талап кылынган документтер тууралуу толук маалыматты долбоордун өнөктөш банктарынан алууга болот:

АБанк
Дареги: г. Бишкек, Логвиненко көч., 14
Телефон: 5511, +996 (312) 68-00-00

Элдик Банк
Дареги: г. Бишкек, Москва көч., 80/1
Колл-борбор: 9111

Бакай Банк
Дареги: г. Бишкек, Мичурин көч., 56
Телефон: +996 (312) 61 00 61
Кыска номер: 6111

Кошумча маалыматты долбоордун Instagram социалдык тармагындагы расмий баракчасынан @proekty_minfin.kg, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтынан www.minfin.kg/projects/air-quality алууга болот.

Байланыш үчүн жооптуу адис:
Акматов Адилет — КР Финансы министрлигинин КЛББ кредиттөө боюнча адиси
Тел.: +996 506 66 76 76