“Элдик Банк” Орусиядагы мекендештерге ипотека программасы тууралуу маалымат берди

2024-жылдын 18-22 жана 23-24-октябрында Москва жана Санкт-Петербург шаарларында “Элдик Банк” жана Мамлекеттик ипотекалык компания Россия Федерациясында иштеген кыргызстандыктарга “Топтолмо ипотекасы” социалдык программасы тууралуу маалымат берүү алкагында мекендештер менен жолугушууларды өткөрүүдө. .

Эскерте кетсек, долбоор өлкөнүн аймагында жашаган жана чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн иштелип чыккан. Бул программанын алкагында керектүү документтерди чогултуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлүп, ипотека алуу босогосу жөнөкөйлөштүрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө банк кызматкерлери кеңештерин берип, суроолорго жооп берип, жеринде онлайн аманат депозитин ачууга жардам беришет.

Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 05-июнундагы №033-лицензиясы.