Эми MBANK Junior картасын ачуу мурдагыдан да жеңил болуп калды!

ААК “Коммерциялык банк Кыргызстан” | MBANK MJunior картасын каттоо процессин мурдагыдан да жеңил жана ылдам кылды. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк гана керектелет.

Болгону бир канча кадам менен гана ата-энеге катталган, балага тиешелүү картаны ала аласыз.

MBANK Junior картасын ата-энеге кантип каттоого болот?

  1. MBANK колдонмосуна катталыңыз. MBANK аккаунтуңузга кириңиз жана негизги баннерге өтүңүз.
  2. “Баланы кошуу” бөлүмүн тандаңыз. «Картаны өзүңүзгө каттоо» бөлүмүн тандаңыз жана баланын персоналдык маалыматтарын толтуруп, баланын жынысын, сүрөтүн кошуп, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүп, балага каттоону өтүңүз. Сөзсүз толтурулган маалыматтарды текшерип чыгыңыз.
  3. Каттоону тастыктаңыз. “Тастыктоо” баскычын басып, тастыктоо сыр сөзүн жазыңыз.
  4. Баланын телефонуна колдонмону көчүрүңүз. MBANK колдонмосун баланын телефонуна көчүрүңүз.
  5. Картага буйрутма бериңиз. Картанын ийгиликтүү ишке киргизүүсү үчүн MBANK Junior картасына буйрутма бериңиз.

«MBANK ар дайым кардарларынын керектөөлөрүн тыкыр көзөмөлдөйт жана аларды мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу үчүн өз кызматтарын ыңгайлаштырып турат. MBANK Junior карталарын каттоо процессин жөнөкөйлөштүрүү — биздин кардарлардын тажрыйбасын жакшыртуу жана ар бир үй-бүлө үчүн мыкты каржылык чечимдерди түзүү стратегиябыздын бир бөлүгү болуп саналат”, — дейт массалык сегмент үчүн санариптик өнүктүрүү департаментинин директору Алмаз Мамырбаев.

Альтернативалык каттоо ыкмалары:

Андан тышкары санариптик туулгандыгы тууралуу күбөлүккө ээ болгондор үчүн Тундук кызматы аркылуу, ошондой эле банктын кеңселеринде оффлайн каттоодон өтүү мүмкүн. Жаңы опция MBANK тиркемеси аркылуу картага оңой катталууну каалаган ата-энелер үчүн ийкемдүүлүктү жана ыңгайлуулукту камсыздайт.

Коопсуздукту жогорулатуу жана кыянаттык менен пайдаланууну алдын алуу үчүн MBANKтын чектөөсү: бир ата-энеге экиден ашык балдар картасы берилбейт.

MBANK– биринчи санарип!

КР УБ №014 Лицензиясы