Эми MBANK кардарларына дүйнө боюнча 7 миллиард мобилдик капчыктар жеткиликтүү

2024-жылдын 5-сентябрында өлкөнүн алдыңкы банкы MBANK, дүйнөлүк финтех компаниясы Thunes менен биргеликте стратегиялык кызматташуу боюнча негизги келишимге кол коюшту.

Ийгиликтүү кызматташуунун аркасында кыргызстандыктар 160 өлкөгө ыкчам эл аралык төлөмдөрдү жүргүзө алышат.

Бул юридикалык жана жеке жактарга ар кайсы өлкөлөрдө ишканалардын ортосундагы жеткирүүлөр үчүн төлөөдөн, интернет-дүкөндөрдөгү товарларга төлөөгө, достор ортосундагы жеке которуулардан жана эл аралык операциялардын кеңири спектрин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

«Бул өнөктөштүк банк үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Thunes менен кызматташуу MBANK кардарларынын бардык категориялары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык которуулардын сапатын жана ылдамдыгын жогорулатып, аларды бардыгы үчүн жеткиликтүү кылат. Стратегиялык өнөктөштүк кардарларыбыздын жашоосун жеңилдете турган жаңы технологияларды киргизүүгө жана MBANK Кыргызстандын каржы базарындагы лидерлердин бири катары позициясын бекемдөөгө жардам берет», – деп белгиледи MBANK Башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу Улан Жанболотов.

Кыргызстандагы кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн дүйнө жүзү боюнча 7 миллиарддан ашык мобилдик капчыктарга жана банктык эсептерге улашуу мүмкүнчүлүгү ачык. Бул MBANK кардарлары бардык 350 төлөм ыкмаларын колдонуу менен чет мамлекетке тез жана оңой акча жөнөтө жана ала алышат дегенди билдирет.

Келечекте MBANK жана Thunes P2P, B2C жана C2B төлөмдөр чечимин региондордун башка өлкөлөрүнө, анын ичинде Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кытайга төлөм чечимдерин кеңейтүүнү пландаштырууда, бул эл аралык базарда өнөктөштөрдүн позициясын чыңдайт.

Маалымат

Thunes — дүйнө жүзү боюнча акча которуулар үчүн глобалдык тармак. Thunes’тун дүйнөлүк түз төлөмдөр тармагы мүчөлөргө 130дан ашык өлкөдө жана 80ден ашуун валютада реалдуу убакытта төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Thunes тармагы GCash, M-Pesa, Airtel, MTN, Orange, JazzCash, Easypaisa, AliPay, WeChat Pay жана башка көптөгөн 350дөн ашык ар кандай төлөм ыкмалары аркылуу дүйнө жүзү боюнча 7 миллиарддан ашык мобилдик капчыктарга жана банк эсептерине түздөн-түз туташкан. Thunes’дун глобалдык түз төлөмдөр тармагынын мүчөлөрүнүн арасында Uber жана Deliveroo сыяктуу экономиканын гиганттары, Grab жана WeChat сыяктуу супер колдонмолор, ошондой эле акча которуу компаниялары, финтех компаниялар, төлөм кызматын провайдерлери (PSPs) жана банктар бар. Thunes’тун глобалдык түз төлөмдөр тармагы өзүнүн глобалдуу чөйрөсү, менчик интеллектуалдык казыналык башкаруу платформасы жана тармактын мүчөлөрүнө дүйнө жүзү боюнча реалдуу убакыт режиминде төлөмдөрдү жүргүзүүдө теңдешсиз ылдамдык, башкара билүүчүлүк, ачык-айкындуулук, коопсуздук жана экономикалык эффективдүүлүктү камсыз кылган Fortress Compliance коопсуздук инфраструктурасы менен айырмаланат. Thunes компаниясынын башкы кеңсеси Сингапурда жайгашкан жана 12 шаарда, анын ичинде Барселона, Пекин, Дубай, Лондон, Манила, Найроби, Париж, Эр-Рияд, Сан-Франциско, Сан-Паулу жана Шанхайда кеңселери бар. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн: https://www.thunes.com/

MBANK – жеке жана корпоративдик кардарлар үчүн каржылык кызматтардын кеңири спектрин көрсөткөн Кыргызстандагы биринчи санариптик банк. Банк заманбап жана ыңгайлуу банктык кызматтарды көрсөтүүгө умтулат, анын ичинде насыялар, депозиттер, кассалык эсеп-кысап кызматтары жана электрондук төлөмдөр бар.

MBANK өзүнүн кардарлары үчүн тейлөөнүн ынгайлуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн инновациялык финансылык чечимдерди жана технологияларды активдүү иштеп чыгууда. Банктын ишинин маанилүү аспектиси болуп, инновацияларды жана технологияларды киргизүү, финансылык сабаттуулукту колдоо жана Кыргызстандын банк секторун өнүктүрүү саналат.