«Газпром Кыргызстан» Новопавловкага газ берүү үчүн 138 чакырым газ өткөргүчтөрүн курду

Компания Новопавловка айылын газдаштыруу боюнча ири долбоорду аяктады. Газдаштыруу этап-этабы менен жүргүзүлүп, натыйжада айылдын бардык 9 тилкеси газга кошулган. 7 миң кожолук эми экологиялык таза энергия булагына кошулууга жеткилик алды.

Газ – бул ыңгайлуулук гана эмес, күнүмдүк тиричиликти да жеңилдетүү. Эми жергиликтүү тургундар көмүрдүн түйшүгүн унутуп, мындан ары кир, ыш жана күл менен алышпайт. Көгүлтүр отун жашоону бир топ жеңилдетип, ден соолук үчүн коопсуз.

«Эми биз үйдүн температурасын каалагандай тууралай алабыз, бул убактыбызды жана күч-аракетибизди абдан үнөмдөйт. Андан тышкары, айлана-чөйрө алда канча таза болот жана балдарыбыз көмүрдөн чыккан кара түтүн менен дем алышпайт», — деп бөлүштү айылдын тургуну Нурбүбү Торобекова.

Новопавловка борбор калаанын ири калктуу пункттарынын бири, мында 20 миңдей адам жашайт.

Мурат Сулайманов, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары: «Өлкөнүн газ тармагындагы абал туруктуу. Газпром Кыргызстан” көгүлтүр отундун ишенимдүү жеткирүүчүсү болуп, газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылып келет. Республиканы газдаштыруунун башкы схемасынын алкагында компания өлкөнүн газ инфраструктурасын модернизациялоонун жана өнүктүрүүнүн масштабдуу программасын ишке ашырууда. Быйыл биз эки ири объектти – Ак-Босого конушун жана Новопокровка айылын газдаштырууну пландап жатабыз», — деди.

Жаңы аймактарды газдаштыруу Кыргызстанды газдаштыруунун башкы схемасына жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициялык программасына ылайык жүргүзүлүүдө. Компания иштеп баштагандан бери газ 53 калктуу конушка тартылган. Натыйжада өлкөнүн газдаштыруу деңгээли 40 пайызга жеткен.

Талайбек Байгазиев, Бишкек шаарынын вице-мэри: «Өлкөдөгү энергетикалык кризис шарттарында жана кара түтүн көйгөйлөрүнө каршы күрөшүүдө жаратылыш газы, салттуу жылытуу булактарына караганда, коопсуз жана жеткиликтүү альтернатива болуп саналат. “Газпром Кыргызстан” Бишкек мэриясы менен биргеликте 2023-жылы 12 жаңы конушту газдаштырган. Ошондой эле муниципалдык отканалар жана коомдук транспорт газга өткөрүлгөн», – деп белгиледи.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы ишмердигин баштагандан тартып 1250 чакырымдан ашык газ бөлүштүрүүчү тармак курган. Мунун артында жаратылыш газына кошулуу мүмкүнчүлүгүнө 270 миңден ашуун адам ээ болду.