Glovo жана «Кыргыз Коммерц банк» системаларындагы техникалык катачылык

Glovo жана банк-эквайер «Кыргыз Коммерц банк» системаларындагы техникалык катачылык MBANKтын 1200 кардарынын транзакцияларына туура эмес таасир тийгизди. Кээ бир колдонуучуларда катачылыктан улам акча туура эмес алынган же кайра кайтарылган.

MBANK билдиргендей, көйгөй аныкталган замат эле «Кыргыз Коммерц банк» жана Glovo менен тез байланышып, кардарлардын тобокелдиктерин азайтуу максатында ашыкча эсепке түшкөн суммаларды убактылуу бөгөттөгөн.

Банк кайтарууну көзөмөлдөп жатат жана бардык катачылык операциялар 2 күндүн ичинде оңдолот деп кепилдик берет.

MBANK – Биринчи санарип

Лицензия КРУБ №014