Жаңы MBANK функциясы – калкты тейлөө борборлорунда жана бейтапканаларга кезексиз жана күтүүсүз онлайн каттоо

ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK мобилдик тиркемеде жаңы кызматты ишке киргизди — Онлайн кезек.

Анын жардамы менен MBANKтын колдонуучулары Калкты тейлөө борборлоруна (ККБ) жана клиникаларга алдын ала катталып, убакытты үнөмдөп, кезек күтүүнү жокко чыгара алышат.

Бул кандай иштейт?

  1. MBANK тиркемесин ачыңыз.
  2. “Кызматтар” → “Мамлекеттик кызматтар” → “Онлайн кезек” бөлүмдөрүн тандаңыз.
  3. Керектүү кызматты көрсөтүңүз: калкты тейлөө борбору же бейтапкана.
  4. Керектүү маалыматтарды толтуруп, ыңгайлуу убакытты тандап, жолугушууну ырастаңыз.
  5. Даяр! Белгиленген убакта сиздин билеттин номери жана оператордун номери Калкты тейлөө борборундагы терминалдын экранында пайда болот. Бейтапканада кабыл алуу бөлүмүндө санариптик билетти көрсөтүү менен кабыл алуу ырасталышы керек.

Негизги артыкчылыктары:

Кызмат боюнча кошумча маалымат:

«Онлайн кезек функциясын ишке киргизүү биздин кардарлардын мамлекеттик жана медициналык мекемелер менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөштүрүү кадамы болуп саналат. Эми ар бир адам өз убактысын үнөмдүү пландаштырып, кезек күтүүдөн алыс болот. MBANK негизги кызматтарга түздөн-түз смартфондорунан кирүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоо менен колдонуучулардын жашоосун жеңилдетүүгө умтулат», — деп белгиледи Кубаныч Шатемиров, MBANKтын санариптик сервистерди жана эквайринг тармагын өнүктүрүү боюнча директору.

«Онлайн кезек » сервисинин жардамы менен MBANK санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп, кардарларга финансылык транзакцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн гана эмес, ошондой эле маанилүү социалдык кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Калкты тейлөө борборундагы электрондук кезек системасы Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте иштелип чыккан. Бейтапканаларга электрондук кезек системасы КР Саламаттык сактоо министрлигинин көмөгү менен ишке ашырылган.

MBANK – Биринчи санарип!

КР УБ №014 Лицензиясы