Кыргызстандын эң популярдуу жарыялар платформасы lalafo «Жылдын маркетплейси» номинациясында кадыр-барктуу One Magazine Awards 2025 сыйлыгына татыды.
Ай сайын lalafo 3,5 миллион колдонуучунун жана он миңдеген бизнестин башын бириктирет, ал эми платформадагы товарлардын жалпы саны 1,5 миллиондон ашты.
«Биз lalafo миллиондогон адамдар жана ишкерлер үчүн ишенимдүү көпүрөгө айланганына сыймыктанабыз. Ушул жылдан баштап биз AI Marketplace катары иш алып баруудабыз. Жасалма интеллект колдонуучулар үчүн платформаны дагы да жөнөкөй, коопсуз жана натыйжалуу кылууга жол ачат», — деп бөлүштү lalafoнун өлкө боюнча менеджери Дарья Суходолова.
lalafo — бул жөн гана соода аянты эмес, бул жаңы мүмкүнчүлүктөр, өз алдынча иш менен камсыз болуу жана чакан бизнести колдоо.