Mastercard жана MBANK Борбор Азияда биринчи жолу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн картаны сунуштайт

MBANKтын бул картасына ээ болгон кардарлары Будапешт шаарына 2026 УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Mastercard жана MBANK футбол күйөрмандары жана уникалдуу банк өндүрүштөрүн баалагандар үчүн жаңы өзгөчө өндүрүштү сунуштады. Борбор Азияда биринчи жолу дүйнөлүк футбол жылдызы жана Mastercard компаниясынын амбассадору — Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн Messi Mastercard Gold картасы чыгарылды. Бул карта финансылык кызматтарды дүйнөлүк спорт менен айкалыштырып, анын ээлерине глобалдык футбол окуясынын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Жаңы Messi Mastercard Gold картасы өзгөчө дизайнга ээ — анда Лионель Мессинин сүрөтү жайгашкан жана картанын дүйнөдө кайталанбаган сейек номуру бар. Бул жөн гана төлөм картасы эмес, спортту сүйгөн, дүйнөлүк футболго жакын болууну каалаган жана өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөткүсү келген адамдар үчүн коллекциялык өндүрүш.

Картанын ишке киришине карата Mastercard жана MBANK чоң акция өткөрүп жатышат. 2026-жылдын 16-мартынан 10-апрелине чейин MBANK мобилдик колдонмосу аркылуу Messi Mastercard Gold картасын алдын ала буйрутма кылган кардарлар автоматтык түрдө утуш оюнуна катышат.

Башкы байге — 2026 УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына Будапешт шаарына эки адамга саякат.

Башкы байгеге төмөнкүлөр кирет:

Башкы байгеден тышкары, катышуучулар Mastercard жана УЕФА брендиндеги сувенир топтомдорун да утуп алышы мүмкүн: брендделген спорт сумкалар, футболкалар, суу бөтөлкөлөрү жана брелоктор.

Акциянын механикасы

Картаны алдын ала буйрутма кылган ар бир кардарга кезектеги сейрек номур берилет. Жеңүүчүлөр алдын ала белгиленген номурлар боюнча аныкталат:

Акцияга Кыргыз Республикасынын тургундары, MBANK колдонмосунан толук идентификациядан өткөн жана акция мезгилинде Messi Mastercard Gold картасын алдын ала буйрутма кылган адамдар катыша алышат.

Картанын шарттары

Messi Mastercard Gold картаcы денгээл, баалуулук жана өзгөчөлүктү айкалыштырат.

MBANK колдонмосунда алдын ала буйрутманын баасы (биринчи жылдык тейлөө менен) — 1000 сом. Картанын жарактуулук мөөнөтү — 3 жыл. Картанын колдонуучулары POS-терминалдар жана онлайн төлөмдөр аркылуу Кыргызстанда жана чет өлкөдө жасалган сатып алууларга 3% кешбэк

Максатбек Ишенбаев — MBANK башкармалыгынын төрагасы:

«MBANK үчүн бул жөн гана жаңы карта чыгаруу эмес — бул финансы, технология жана дүйнөлүк спорттун кесилишинде жаралган сейрек өндүрүш. Борбор Азияда биринчи жолу биздин кардарлар Лионель Месси сүрөтү түшүрүлгөн картаны ала алышат. Месси — мыктылыктын, тартиптин жана жеңиштин символу. Биз кардарларга жөн гана ыңгайлуулукту эмес, эмоция да тартуулаган чечимдерди түзүүгө аракет кылабыз. Ал эми 2026 УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына саякат утуп алуу мүмкүнчүлүгү бул долбоорду өзгөчө маанилүү кылат».

Санджар Жамалов — Mastercard компаниясынын Казакстан жана Борбор Азия боюнча башкы директору:

«Биз Mastercard компаниясынын дүйнөлүк демөөрчүлүк активдерин дүйнө жүзүндөгү кардарлар үчүн инновациялык маркетинг долбоорлоруна интеграциялайбыз. Лионель Месси менен өнөктөштүк — бул биздин уникалдуу актив. Бүгүн биз аны Кыргызстанда Mastercard жана MBANK картасын ишке киргизүү аркылуу активдештирип жатканыбызга кубанычтабыз. Бул кызматташтык кыргыз рыногундагы позициябызды бекемдеп, MBANK менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн дагы бир далили болуп саналат».

Messi Mastercard Gold картасынын ишке кириши Mastercard жана MBANK компанияларынын глобалдык артыкчылыктарды жана уникалдуу тажрыйбаларды бириктирген инновациялык өндүрүштөргө берилгендигин тастыктайт. Эми ар бир кардар чөнтөгүндөгү картадан баштап Европанын эң чоң матчындагы трибунага чейин дүйнөлүк футболго жакындай алат.

MBANK — биринчи санарип банк! Кыргызстанда жасалган!
КРУБ №014 лицензиясы

Mastercard тууралуу

Mastercard дүйнө жүзүндөгү 200дөн ашык өлкө жана аймактарда жергиликтүү экономикаларды колдоп, адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Компания кардарлары менен бирге ар бир адам өнүгө ала турган туруктуу экономиканы түзүүгө аракет кылат. Биз коопсуз, жөнөкөй, акылдуу жана жеткиликтүү санарип төлөм чечимдерин сунуштайбыз. Биздин технологиялар, инновациялар жана өнөктөштүктөр адамдарга, бизнеске жана мамлекеттерге өз потенциалын толук ишке ашырууга жардам берет.