MBANK алдамчылыктын жаңы түрү тууралуу эскертет: сак болуңуз!

ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK Бишкек шаардык прокуратурасы жана ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте шылуундардын каржылык маалыматтарга кирүү аракетинин жаңы ыкмасы пайда болгондугу тууралуу кардарларына эскертет.

Алдамчылар .apk кеңейтүүсү менен, бирок «сүрөт» деген аталыштагы файлды мессенджерлер аркылуу жөнөтүшөт. Билдирүүдө адатта: «Сүрөттөгү сенсиңби?» же «Сизди бул сүрөттө таанышты» деген сөздөр камтылган. Бул файл кызыктуу көрүнөт, бирок чындыгында зыяндуу программа орнотуу үчүн файл.

Файлды ачкандан кийин вирус түзмөккө кирип кетет, ал атүгүл эки факторлуу аутентификацияны да өтүп жеке маалыматтарга, анын ичинде каржылык каражаттарына кире алат. Ошентип, шылуундар коопсуздуктун көп катмарын айланып өтүп, сиздин эсептериңизден акча уурдашы мүмкүн.

Алсак, акыркы маалыматтар боюнча, 2024-жылдын январь айынан бери ААК «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» МBANK тиркемесине байланыштуу аракеттер боюнча 1288ден ашык билдирүүлөр «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган. Текшерүүлөрдүн негизинде, анын ичинен алдамчылык боюнча 550 кылмыш иши козголгон.

Мындай шылуундуктан кантип коргонуу керек?

  1. Шектүү файлдарды эч качан ачпаңыз. Эгер сизге бейтааныш файл же шилтеме менен билдирүү жөнөтүлсө, билдирүү сиз тааныган адамдан келген сыяктуу болсо дагы, жөнөтүүчүнүн тастыктоосусуз аны ачпаңыз.
  2. .apk кеңейтүүсү менен файлдарды орнотууга болбойт. Бул орнотуу файлдары. Алардын курамында вирустар болушу мүмкүн, айрыкча алар белгисиз булактардан келген учурда.
  3. Күтүлбөгөн тиркемелери бар билдирүүлөрдү кылдат текшериңиз. Алдамчылар көбүнчө социалдык инженерияны кызыгуу же коркуу аркылуу колдонушат. Эгер билдирүү шектүү же күтүүсүз болуп көрүнсө, аны менен аракет этпеңиз.
  4. Белгисиз булактардан келген колдонмолорду орнотууну өчүрүңүз. Бул сиздин түзмөгүңүзгө кесепеттүү программанын орнотулуп калуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Телефонуңуздун жөндөөлөрүнөн сиз расмий дүкөндөн башка жүктөлгөн тиркемелерди орнотууга тыюу салган опцияны таба аласыз.

Бул сунуштарды аткаруу шылуундардын тузагына түшүп калуу коркунучун олуттуу деңгээлде азайтууга жана каржы жана жеке маалыматтарыңыздын коопсуздугун камсыз кылууга жардам берет.

ААК Коммерциялык банк Кыргызстан| MBANK Бишкек шаардык прокуратурасы жана ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте кардарларын сак жана этият болууга чакырат! ! Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болуп калган болсоңуз, тез арада чара көрүү үчүн дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз. MBANK байланыш борбору 3333

MBANK – Биринчи санарип!

КР УБ № 014 Лицензиясы