MBANK экосистемасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: MINVEST инвестициялык тиркемесинин бет ачары

2024-жылдын 7-октябры ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK жаңы форматтагы иш-чараны тартуулады — MTalx, анда банктын бардык негизги продуктыларынын презентациясын бириктирген. Акыркы жыл ичинде MBANK көптөгөн инновациялык чечимдерди чыгарды, кардарлар жана ишкерлер үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин ийгиликтүү кеңейтти.

Иш-чаранын негизги темасы жаңы продуктунун – MINVEST’тин, Кыргызстандагы лицензиясы бар биринчи санариптик брокердин расмий бет ачары болду, ал азыр MBANK экосистемасынын бир бөлүгү болуп калды. MINVEST кыргызстандыктарга NYSE жана NASDAQ биржалары аркылуу дүйнөдөгү эң ири компаниялардын акцияларына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн берет. Жеткиликтүү компаниялардын арасында Apple, Coca-Cola, Microsoft, Tesla жана башкалар сыяктуу дүйнөлүк гиганттар бар.

MINVESTтин ишенимдүүлүгү жана мыйзамдуулугу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан 2024-жылдын 29-январында берилген №23 лицензия менен тастыкталган. Бул жогорку иштөө стандарттарын жана мыйзам ченемдерин сактоого кепилдик берет.

MTalx иш чарасындагы көрсөтүлгөн негизги продукттардын катарында:

Эң негизгиси, катышуучулар 2024-жылдын 10-октябрынан башталган пайдалуу акция тууралуу маалымат алды, анын алкагында кардарлар авиабилеттерди жана кошумча кызматтарды ар бир сатып алуу үчүн 5% кэшбэк бонустарын алышат.

«МBANKтын ар бир өнүмү кардарлардын суроо талабын эске алуу менен иштелип чыккан. Биз биздин экосистеманы бардык колдонуучулар үчүн дагы да ыңгайлуу жана пайдалуу кылган заманбап жана ыңгайлуу финансылык чечимдерди сунуштоо менен жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга умтулабыз. 

Эми MINVESTтин ишке кириши менен кардарлар кадимки банктык кызматтарды гана колдонбостон, дүйнөлүк компаниялардын акцияларына жетүү менен инвестициялоону үйрөнүшөт. Бул жаңы тиркеме кардарлар үчүн өсүү жана каржылык көз карандысыздык үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, — деди MBANKтын Стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча директору Марат Төралиев.

MTalx’тун жүрүшүндө сунушталган бардык банк продуктылары кардарлардын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган. MBANK ыңгайлуу, заманбап жана жеткиликтүү чечимдерди сунуштоо менен өз колдонуучуларынын жашоосун жакшыртууга умтулат. Мындай инновациялар менен банк рынокто өзүнүн позициясын бекемдеп, финансылык сабаттуулукту өнүктүрүүнү жана кардарларынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууну улантууда.

MINVEST жөнүндө бардык маалыматтар minvest.kg сайтында жана тиркемеде жеткиликтүү. Жаңылыктар жана өзгөрүүлөр @minvest.kg Instagram баракчасында жарыяланат

MINVEST менен инвестициялоо жеңилдеди.

Кыргызстанда лицензиясы бар биринчи санариптик брокер

Лицензиянын сериясы DB № 0024, рег №23, 29.01.2024 баштап, Мамлекеттик Финансылык көзөмөл органы тарабынан берилген

Лицензия сериясы BA № 0122, рег №107, 08.01.2024 баштап, Мамлекеттик Финансылык көзөмөл органы тарабынан берилген