MBANK эл аралык Mastercard карталарын тейлөөнү баштайт

ААК «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» | MBANK банкоматтарында жана смарт POS терминалдарында эл аралык Mastercard карталарын тейлөөнүн башталышы жөнүндө жарыялайт. Бул жаңылык Mastercard ээлерине түзмөктүн бардык функцияларынын жеткиликтүүлүгүнө мүмкүнчүлүк түзөт, бул ыңгайлуулукту жогорулатат жана кардарлардын финансылык иштерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Негизги артыкчылыктары:

«МБАНК инфраструктурасына эл аралык Mastercard карталарын төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизүү Кыргызстандын каржы секторун кеңейтүү жана өнүктүрүү боюнча биздин стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат, биз дайыма кардарларга алардын муктаждыктарына жооп берген жана алардын жашоосун жакшырткан ийкемдүү жана заманбап чечимдерди сунуштоого умтулабыз», — деп баса белгиледи Алмаз Мамырбаев, MBANKтын массалык сегментинин санариптик өнүктүрүү департаментинин директору.

Колдонуучуларга максималдуу ыңгайлуулукту камсыз кылуу максатында MBANK өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн активдүү кеңейтүүдө. Ошентип, 2024-жылдын 9-сентябрынан тартып бардык Mastercard карталарынын ээлери MBANK банкоматтарындагы жана смарт POS терминалдарындагы кызматтарды пайдалана алышат.

MBANK — Биринчи санарип!

КР УБ №014 Лицензиясы