MBANK жаңы «ОСАГО» онлайн кызматын сунуштайт

MBANK жаңы «ОСАГО» онлайн кызматын сунуштайт

ААК Кыргызстан Коммерциялык Банкы MBANK өзүнүн мобилдик тиркемесинде унаа ээлери үчүн ОСАГО полисин сатып алуу процессин бир кыйла жөнөкөйлөтүүчү жана тездетүү үчүн жаңы «ОСАГО» онлайн сервисинин ишке киргендигин жарыялайт. Эми сиз камсыздандыруу компаниясынын кеңсесине барбастан, сиз каалаган, ыңгайлуу убакта онлайн түрдө камсыздандырууга арыз бере аласыз.

MBANK тиркемесинде ОСАГО кызматынын артыкчылыктары:

«ОСАГО Кыргызстанда милдеттүү экенин эске алып, жаңы мыйзамды колдоого жана MBANK тиркемесинде «ОСАГО» кызматынын ыңгайлуулугун пайдаланууга чакырабыз. Бул жаңылык камсыздандырууну алуу процессин жөнөкөй жана мүмкүн болушунча ылдам кылуу үчүн түзүлгөн. Бул жаңы талаптардын шарттарында бардык унаа ээлери үчүн өзгөчө маанилүү», — деп белгиледи банктын санариптик сервистерди жана эквайринг тармагын өнүктүрүү боюнча Директору Кубаныч Шатемиров.

Онлайн ОСАГО кантип каттоого болот?

  1. MBANK тиркемесин жүктөп алыңыз жана аны акыркы версиясына жаңыртыңыз
  2. «ОСАГО» кызматын тандаңыз
  3. Керектүү маалыматтарды киргизиңиз
  4. Даяр полисти MBANKтан көчүрүп алса болот
  5. Анын жеткиликтүүлүгүн Кыргыз Камсыздандыруучулар Ассоциациясынын сайтынан текшериңиз

ОСАГО кызматы Кыргыз Республикасынын рыногунда 16 жылдан ашык ийгиликтүү иштеп келе жаткан «НСК» алдынкы камсыздандыруу компаниясы менен биргеликте ишке ашырылууда.

MBANK – биринчи санарип!

КР УБ №014 Лицензиясы