MBANK: мобилдик банктан юридикалык жактарды онлайн каттоо кызматын ишке киргизди

MBANK ишкерлерге жоопкерчилиги чектелген коомду (ЖЧК) толугу менен онлайн каттоого мүмкүнчүлүк берген уникалдуу кызматын ишке киргизилгенин жарыялады. Бул өлкөдөгү алгачкы кызмат болуп, мамлекеттик юридикалык жактарды каттоо кызматын түздөн-түз банктык колдонмо менен интеграциялады. Бул ишкерлердин ишин бир топ жеңилдетет.

ЖЧК деген эмне жана кимдерге ылайыктуу?

ЖЧК (жоопкерчилиги чектелген коом) – бул бизнес жүргүзүүнүн формасы, анда негиздөөчүлөрдүн жоопкерчилиги алардын уставдык капиталга кошкон салымы менен гана чектелет. Бул ишкердин жеке мүлкү компаниянын карыздарынан жана финансылык милдеттенмелеринен корголот дегенди билдирет.

ЖЧК төмөнкүлөр үчүн ылайыктуу:

Кызматтын артыкчылыктары:

Кызмат кантип иштейт?

Каттоо MBANK колдонмосундагы Кызматтар > Мамлекеттик кызматтар > Юридикалык жактарды каттоо бөлүмүндө жеткиликтүү.

Өтүнмөнү кароо мөөнөтү: төлөм учурунда тандалган убакытка жараша. Стандарттуу мөөнөт – 1 иш күнү, 6 саат же 3 саат ичинде да каралышы мүмкүн.

Өтүнмөнү тапшыруу үчүн керектүү документтер:

Жаңы кызмат Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен биргеликте иштелип чыгып, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

MBANK – биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы