МБАНК шылуундардан коргонуунун маанилүүлүгүн эскертет

МБАНК шылуундардан коргонуунун маанилүүлүгүн эскертет.

Акыркы мезгилде алдамчылык схемалардын саны бир топ көбөйүп, ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | МБАНК Кыргыз Республикасынын Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте кыргызстандыктарды кылдат жана этият болууга чакырат.

Алдамчылар жеке маалыматка жана акча каражаттарына жетүү үчүн барган сайын татаалдашкан ыкмаларды колдонуп жатышат. Алар көбүнчө каржы технологиялары жана керектөө адаттарындагы учурдагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашып, жаңы алдамчылык схемаларын түзүшөт.

Төмөндөгү мисалдарда MBANK Кыргызстанда орун алган алдамчылык схемалардын мисалдарын ачып берет.

Алдамчылыктан коргоо боюнча негизги сунуштар:

Шектүү шилтемелерди ачпаңыз. Алдамчылар расмий банктык ресурстарды туураган жасалма веб-сайттарга алып баруучу СМС, мессенджер же электрондук почта аркылуу жасалма шилтемелерди жөнөтө алышат. Мындай сайттарга эч качан маалыматыңызды киргизбеңиз.

Документтердин сүрөттөрүн жибербеңиз. Эгер кимдир бирөөсизден паспортуңуздун, айдоочулук күбөлүгүңүздүн же башка документтердин сүрөттөрүн сураса, этият болуңуз. Банк мындаймаалыматтарды эч качан расмий эмес түрдө талап кылбайт.

Жүзүңүздүн сүрөтүн жибербеңиз. Алдамчылар банк эсептерине жана башка кызматтарга уруксатсыз кирүү үчүн колдонулушу мүмкүн болгон биометрикалык маалыматтарды алуу үчүн жүзүңүздүн сүрөттөрүн колдонушу мүмкүн. Биометрикалык маалыматыңызды коргоңуз.

Билдирүүлөрдү жөнөтүүчүлөрдү жана чалууларды текшериңиз. Алдамчылар телефон номерлерин жана электрондук почта даректерин банк кызматкерлерибиз деп алдашат. Ар дайым банк менен расмий байланыш каналдары аркылуу байланышып жатканыңызды текшериңиз.

Тастыктоочу сыр сөздөрдү ачыкка чыгарбаңыз. Банк сизден телефон аркылуу же билдирүүлөр аркылуу транзакцияны ырастоо сыр сөзүн берүүнү эч качан сурабайт. Эгер кимдир бирөө мындай сыр сөзүн сураса, бул алдамчылык аракети.

ААК Коммерциялык банк Кыргызстан | МБАНК Кыргыз Республикасынын Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте өз кардарларын кыраакы жана этият болууга чакырат! MBANK Байланыш борбору 3333

MBANK – Биринчи санарип!