MBANK’тан MKassa: Акысыз ККМ менен карталар жана QR код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алыңыз!

Ишкерликтин ыңгайлуулугу жана бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү максатында ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн – Mkassa колдонууну сунуштайт, бул процессти тез жана жөнөкөй кылат.

Төлөмдөрдү сиз үчүн ыңгайлуу жол менен кабыл алыңыз:

MKassaнын мүмкүнчүлүктөрү:

MKassaнын артыкчылыктары: 

  1. ККМ абоненттик төлөм жок

ККМди туташтыруу жана колдонуу бекер. Сиз абоненттик төлөмдү төлөбөйсүз, бул бизнес жүргүзүүгө кеткен чыгымыңызды азайтат

  1. Акысыз Smart-POS

MKassa колдонуучулары акысыз Smart-POS системасын алышат, бул бизнести башкарууну дагы да жеңилдетет.

  1. Пайдалуу тарифтер

MKassa рынокто эң пайдалуу тарифтерди сунуштайт. Ал эми ККМ менен иштөө үчүн абоненттик төлөмдү төлөөнүн кажети жок.

  1. Онлайн отчеттор 24/7

Бизнесиңизди башкарыңыз жана реалдуу убакытта бардык транзакцияларды көзөмөлдөңүз. Күндүн каалаган убагында отчеттор жана маалыматтар жеткиликтүү.

  1. 24/7 техникалык колдоо

Суроолоруңуз болсо, биздин адистер ар дайым жардам берүүгө даяр. Техникалык колдоо күнү-түнү жеткиликтүү, бул сиздин бизнесиңиздин үзгүлтүксүз иштешине кепилдик берет.

«Бүгүнкү күндө сиздин бизнесиңизди башкаруу жана көзөмөлдөө, отчетторду түзүү, акча каражаттарын заматта алуу ж.б.у.с. функциялары бар накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча Кыргызстандагы жападан жалгыз толугу менен акысыз чечим жана ККМ. Биз ар кандай масштабдагы бизнес ээлери үчүн MKassa ишенимдүү жардамчы болуусуна умтулабыз«, – деп белгиледи Кубаныч Шатемиров, MBANK санариптик сервистерди жана эквайринг тармагын өнүктүрүү боюнча директору.

MKassa — бул соода операцияларын жеңилдеткен,дагы да натыйжалуу жана кирешелүү кылган заманбап жана жеткиликтүү бизнес чечими. Бүгүн катталып, кошумча чыгымдарсыз же абоненттик төлөмсүз накталай эмес төлөмдөрдү кабыл ала баштаңыз!

https://mbank.kg/mkassa  сайтына арыз калтырыңыз калтырыңыз

Суроолоруңуз болсо 9933 номерине кайрылыңыз

MBANK – Биринчи санарип!

КР УБ № 014 лицензиясы