MBANКтын «Миллиондор оюну» акциясынын финалы. Миллионер ким болду?

ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK «Миллиондор оюну» акциясынын жыйынтыктоочу этабын ийгиликтүү өткөрдү.

15-марттан 2-июнга чейин бардык кыргызстандыктар биздин оюнга катышып, 100 000 сом жана 1 миллион сом өлчөмүндөгү ири акчалай сыйлыктарды утуп алуу максатында «МБАНК» жана «МИЛЛИОН» сөздөрүн чогулткан. Ал эми бактылуу жеңүүчүлөр республиканын ар кайсы бурчунан келди: 37 катышуучу 100 000 сомдон, 7 катышуучу 1 миллион сомдон утуп алышты.

MBANK’тын стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча директору Марат Төралиев «Миллиондор оюну» акциясына миллиондогон колдонуучулар катышканын айтып өттү.

«Акция чындыгында абдан популярдуу болуп, ийгиликтүү өттү жана аны миллиондогон адамдар ойношту. Бизде транзакциялар чоң көрсөткүчтөргө жетти. Акцияга төлөмдөрдүн төрт түрү кирди – QR-код аркылуу төлөө, карта менен төлөө, тиркеме ичинде төлөө жана интернет аркылуу төлөө. Биз дал ушул фокусту накталай эмес төлөмдөргө жумшадык жана биз буга жетиштик.

Бүгүн биз бул акцияны салтанаттуу белгилөө менен жыйынтыктап жатып, ар бириңиздерге активдүү катышууңуз, бизге болгон ишенимиңиз жана биздин Банкка болгон берилгендигиңиз үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Биз мындан ары да сиздерди кубантууну жана сиздер үчүн жаңы ыңгайлуу инструменттерди жаратууну убада кылабыз», – деп Марат Төралиев ар бир катышуучуга ыраазычылыгын билдирди.

Жыйынтыктоочу этаптын жеңүүчүлөрү:
1. Аястан Ш. 100 000 сом
2. Диана А. 100 000 сом
3. Адилет С. 100 000 сом
4. Чыңгыз Т. 100 000 сом
5. Улугбек Ш. 100 000 сом
6. Сарварбек Х. 100 000 сом
7. Аманбек Н. 20 000 сом
8. Камила Х. 1 000 000 сом

Акыркы миллионер Жалал-Абаддан чыкты. Камила жана анын үй-бүлөсү MBANK’тын мындай белеги үчүн абдан ыраазы. MBANK’тын амбассадору Ростислав Ященко телефон аркылуу салтанаттуу иш-чарага катыша албай калган Камиланы жеңиши менен куттуктады.

«Мен укмуштуудай кызыктуу оюндун жеңүүчүсү болгонума абдан кубанычтамын, эңсеген миллионду жеңдим. Мен учурда үч баламды тарбиялап үйдө отурам, эми кичинекей бизнесиме акча салып, аны инвестициялай алам. Ошондой эле азыр биздин үйдө чоң майрам – инимдин тою. Албетте акчамдын бир бөлүгүн тойго, жакшылыкка жумшайм», — деди Камила.

Калган триумфаторлор MBANK’тын амбассадорлорунун колунан байгелерди алышты! Сыйлык тапшыруу аземин бактылуу жүздөр, күлкү жана кубаныч коштоду.

Диана MBANK’ты көп жылдардан бери колдонуп келет. Жеңүүчү түшкөн каражатты шоппингге жана жеке бизнес-долбооруна жумшай турганын айтты. «Мен MBANК тиркемесин узак убакыттан бери колдонуп келем. Мен үчүн абдан ыйнгайлуу жана кандай акция жүрбөсүн сөзсүз ойной берем», — деди Диана эмоциялары менен бөлүшүп.

Чыңгыз 100 000 сомдун ээси. Ошондой эле ал алгачкы кардарлардын катарын толуктайт, азыр бардык жерде электрондук капчыкты колдонот. Акыркы тамганы Чыңгыз түшкү тамактанууга электрондук капчык аркылуу төлөм жүргүзүүдөн утуп алган. Ошентип, күнүмдүк чыгымдар ал үчүн киреше алып келген! «Мен утуп алууларга ишенген эмесмин, төлөм жүргүзүүлөрдөн тамгалар бериле баштады. Тамгалар чыгып баштаганда максаттуу чогулта баштадым. MBANK тиркемесин көптөн бери колдонуп келем, керек болсо, дээрлик накталай акча алып жүрбөйм. Тиркеме абдан ыңгайлуу жана аны колдонууга баарына кеңеш берем», — деп бөлүштү жеңүүчү.

Белгилей кетсек, акциянын негизги максаттарынын бири накталай эмес төлөмдөрдү жайылтуу болгон. «Миллиондор оюну» акциясынын жыйынтыгы менен заманбап төлөм ыкмаларын колдонгондордун саны күн санап өсүүдө. Албетте финансылык операциялардын ачыктыгын жана коопсуздугун жогорулатууга жардам берди. Бул өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизип, анын өсүшүнө жана чыңдалышына шарт түздү.

MBANK’тын «Миллиондор оюну» акциясы аяктады жана кардарларга дагы да болсо жаңы кызыктуу утуштарды, акцияларды уюштурууну убада кылат. Банк өз кардарларынын жашоо сапатын жакшыртууга жана санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталган инновациялык финансылык чечимдерди алга жылдырууну улантат.

MBANK – биринчи санарип!
КР УБнын лицензиясы 014.