Мурабаха Ислам принциптери боюнча авто сатып алыңыз

Эми унаа сатып алуу кирешелүү гана эмес, ошондой эле банк негизги тобокелдиктерди өзүнө алган, Ислам банкингинин принциптерине негизделген автокаржылоонун аркасында ишенимдүү дагы болуп калды.

ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK уникалдуу чечимди сунуштайт — ислам банкингинин принциптерине негизделген автокаржылоо, атап айтканда, Мурабаха келишиминин  схемасы боюнча. Бул салттуу үстөк пайызды колдонбостон, аларды ачык-айкын жана адилет баалоо системасына алмаштыруучу, унааны сатып алууга мүмкүндүк берүүчү каржылоонун өзгөчө түрү.

Мурабаха келишиминин принциби банк кардардын атынан унаа сатып алып, аны алдын ала макулдашылган баада сатууну болжойт, ал келишимде белгиленген жана төлөм процессинде өзгөрбөйт. Бул ыкма жашыруун пайыздарды жана башка кошумча төлөмдөрдү жокко чыгарып, каржылоону толугу менен шариятка шайкеш кылат.

MBANKтан автоунааны каржылоонун негизги шарттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

Ислам негиздери менен авто каржылоонун  артыкчылыктары:

  1. Шарттардын ачыктыгы. Кардарга унаанын акыркы баасы тууралуу дароо билги берилет, ага банктын үстөк баасы кирет. Салттуу каржылоодо көп кездешкен эч кандай жашыруун пайыздар же кошумча төлөмдөр жок.
  2. Шариятка шайкеш келүүсү. Көптөгөн кардарлар үчүн, алардын каржылык иш-аракеттери алардын диний ишенимдерине ылайык келиши маанилүү. Мурабаха каржылоо процессинин риба (лихву) жана спекуляцияга тыюу салган ислам мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшүн камсыздайт.
  3. Туруктуу баа. Пайыздык чен рыноктун шарттарына жараша өзгөрүшү мүмкүн болгон салттуу банк кредиттеринен айырмаланып, Мурабаха келишими боюнча автоунаанын баасы толук төлөмгө чейин туруктуу бойдон калат.
  4. Акциялык баа КРнын рыногунда эң пайдалуулардан бири.

«Мурабаха келишими боюнча, исламдык каржылоосу – бул жөн гана унаа сатып алуунун бир жолу эмес. Бул ишенимге жана калыстыкка негизделген чынчыл жана ачык-айкын каржылык мамиле. Ислам принциптери боюнча автокаржылоо кардарларыбызга ашыкча тобокелдиктер жана ашыкча төлөмдөрсүз туура тандоо жасоого мүмкүндүк берет деп ишенебиз. MBANK ар дайым биздин баалуулуктарды чагылдырган жана коомдун муктаждыктарына жооп берген өнүмдөрдү сунуштоого умтулат», — деди Кайратбек Суранаев, MBANK Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары

MBANK’тан авто каржылоо бардык жарандарга жеткиликтүү. Сиз жеке адамсызбы же жеке ишкерсизби, ашыкча төлөмсүз жана жашыруун пайызсыз, адилеттүү жана ачык-айкын шарттарда сатып алууну кааласаңыз, бул өнүмдү колдоно аласыз.

MBANK – Биринчи санарип!

КР УБ № 014/1 лицензиясы