Нымдуу тема. Жижиң (заара кармай албоо) тууралуу 7 «уяттуу» маселе

Жижиң (заара кармай албоо/инконтиненция) – Бул оорулуу адам көзөмөлдөй албаган аргасыз сийдик чыгаруу. Оору өлүмгө алып келбейт жана ден соолукка таасир этпейт, бирок жашоо сапатын олуттуу түрдө төмөндөтөт. Ыңгайсыз абалга түшүп калуудан чочулап, адам акырындап саякаттан, интимдик жашоодон, театрга баруудан жана спорт менен машыгуудан баш тартып баштайт. Элден безип жалгыз өмүр сүрүү, башкалардын сөз кылуусу, мурда кубаныч тартуулаган нерселерден баш тартуу – мунун баары акырындан өзүн кем сезүү жана депрессияга алып келиши мүмкүн. Жижиң симптомдоруна жараша 3 типке бөлүнөт:

Заара кармай албоо улгайган кишилерде гана болобу?

Заара кармай албоо ар кандай куракта болуусу мүмкүн — кичинекей балдардан тарта пенсия курагындагы адамдарга чейин. Бирок инконтиненцияга көпчүлүк учурда улгайган курактагылар көбүрөөк кабылышат – бул организмдин жаш куракка жараша анатомиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу.

Заара кармай албоонун негизги себептери:

Жижиң (заара кармай албоо) – сейрек ооруубу?

Дүйнөдө ар бир 4-аял жана 8-эркек өмүрүнүн ар кандай бөлүгүндө заара кармай албоо белгилерин байкашат.

Мисалы, Орусияда бул илдеттен аялдардын 38,6 пайызы жабыркайт. Алардын 4 пайызы гана врачка кайрылышат, калгандары муну дарылоо зарыл болбогон «закон ченемдүү» көрүнүш катары көрүшөт. Чет өлкөдө бул илдетти дарылоо үчүн оорулуу аялдардын 9-47 пайызы медиктерге кайрылышат жана ооруканага келүүдөн тартынышпайт. 

Жижиңдин (илдеттин) алдын алууга болобу?

Заараны кармай албоонун профилактикасы төмөнкүлөрдү ичине камтыйт:

Кантип айыгууга болот?

Дарылоо илдеттин себептери так аныкталгандан кийин гана жүргүзүлүшү керек. Аны врач-уролог аныктап, дарылоо кеңешин бере алат.

Мындан сырткары төмөнкүлөр да жардам берет:

Бул илдет менен кантип жашоого болот?

Инконтиненциядагы эң маанилүү эреже – жеке гигиенаны сактоо. Мында урологиялык төшөмөлөр (жөнөкөй төшөмөлөр ашыры нымдуулуктун көлөмүнө туруштук бере албайт) жана кийме жалаяктар жардам бере алат.

Ошондой эле теринин абалын көзөмөлдөө зарыл. Жижиң менен жабыркаган адамдардын териси зыянкечтерге жана бактериялардын агрессивдүү таасирине сезимтал болушат. Сезгенүү жана кургап кетүүнүн алдын алуу үчүн сезимтал терилерге кам көрүүчү жана коргоочу каражаттарды колдонуу керек. Аларды дарыканадан сатып алууга болот.

Заара кармай албаган учурда кайсыл гигиена каражаттары жардам берет? 

Seni (Сени) соода маркасы инконтиненциянын ар кандай деңгээлдеги түрү менен жабыркаган улуулар үчүн кам көрүүчү косметикалык жана гигиеналык каражаттардын кеңири ассортиментин сунуштайт.

Бул бренддин тарыхы 1997-жылдан Seni маркасы астында төшөктө жаткан бейтаптарга арналган сиңирүү касиети жогору буюмдар сунушталгандан  башталат.

Бүгүнкү күндө Seni  соода маркасы астында аялдар үчүн урологиялык төшөмөлөр, эркектер үчүн төшөмөлөр, чоңдор үчүн кийме жалаяктар жана бир жолу колдонулуучу сиңирүүчү ич кийимдер, гигиеналык ороо жалаяктар, ошондой эле атайы косметика жана териге аяр кам көрүү үчүн буюмдар чыгарылат.

https://www.instagram.com/seni_kg/

https://seni.tradegof.kg/

Seni.tradegof.kg

WhatsApp: +996770970270