Төмөн тарифтер — көбүрөөк пайда. MBANK бардык кредиттер боюнча тарифтерди төмөндөтөт

ААК «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» | MBANK кардарларынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн төмөндөтүлгөн пайыздык чен менен ар кандай категориялардагы насыялар боюнча пайдалуу акцияны ишке киргизет. 2024-жылдын октябрь айынын аягына чейин банктын кардарлары үйлөрүнөн же кеңсесинен чыкпастан тез жана ашыкча кыйынчылыктарсыз эң ыңгайлуу шарттарда насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Онлайн-кредит

Арыз берүү процесси толугу менен MBANK мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашат, ал банктын кеңселерине баруудан жана кезек күтүү кажетин жокко чыгарат.

Онлайн насыя кантип алууга болот?

  1. MBANK тиркемесин жүктөп алыңыз. Эгер сизде тиркеме жок болсо, смартфонуңузга жүктөп алып, катталыңыз.
  2. Насыянын суммасын жана мөөнөтүн тандаңыз. Мобилдик тиркемеде “Онлайн кредит” бөлүмүн тандап, 250 000 сомго чейинки сумманы жана 36 айга чейинки мөөнөттү көрсөтүңүз.
  3. Маалыматтарыңызды ырастап, арызыңызды жөнөтүңүз. Кошумча документтерди чогултуунун же кепилдик берүүчүлөрдү тартуунун зарылчылыгы жок.
  4. Бир нече мүнөттүн ичинде жыйынтык алыңыз. Кредитке макулдук берилгенден кийин акча дароо сиздин эсебиңизге түшөт.

MBANK ошондой эле төмөнкү кредиттер боюнча үстөк пайыздарды төмөндөтөт:

Керектөө насыясы

Бизнес жана агро-кредиттер

«Менин Үйүм» ипотекалык насыясы

«Биз кардарларыбызга бизнести өнүктүрүү, үй сатып алуу же жеке муктаждыктарын колдоо үчүн эң жагымдуу кредитик шарттарды камсыз кылууга умтулабыз. Бул акциянын алкагында биз бардык негизги кредиттик продуктылар боюнча пайыздык чендерди бир топ төмөндөттүк. Бул биздин кардарларга жеткиликтүү жана ыңгайлуу шарттарда насыя алуу мүмкүнчүлүгүн берет», — деди Кайрат Суранаев, MBANK Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары.

Акция 2024-жылдын 19-сентябрынан 31-октябрына чейин жарактуу.

MBANK бардык продуктылар боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү аркылуу насыялоону жеткиликтүү кылууну улантууда. Насыяга алуу үчүн бүгүн кайрылыңыз жана уникалдуу шарттардан пайдаланыңыз!

MBANK – Биринчи санарип!

КР НБ № 014 лицензиясы