Саякат, бизнес, окуу же жакындарды колдоп кубандыруу — эми бул иштерди тезирээк ишке ашырса болот. MBANK колдонмосу аркылуу Түркияга акчаларды ылдам жана коопсуз жөнөтүңүз. Которуулар эл аралык төлөм системасы UPT аркылуу жүргүзүлөт.
Эгер сиз акчаны Түркияга жөнөтүп жатсаңыз:
Которуу доллар менен жүргүзүлөт, бирок алуучунун эсебине Түрк лирасы түрүндө түшөт.
Иштин жүрүшү:
- MBANK колдонмосун ачуу
- “Төлөмдөр” бөлүмүнө кирүү
- “Которуулар” баскычында “Түркияга которуулар” бөлүмүн тандаңыз
- Которуу түрүн тандаңыз: банк эсебине же карта номуру аркылуу
- Алуучунун реквизиттерин киргизип, которуу суммасын лира менен көрсөтүңүз
- “Которууну түзүү” баскычын басыңыз
Бир жолку которуу суммасы 10 000 доллардан же 350 000 Түрк лирасынан ашпоого тийиш.
Которуу комиссиясы — 0,70%
Которуу ийгиликтүү аяктагандан кийин, аны кайра кайтаруу мүмкүн эмес
Эгер сиз Түркиядан которуу алып жатсаңыз:
Жөнөтүүчүгө MBANK менен байланыштырылган телефон номуруңузду же карта номуруңузду айтыңыз. Каражатты алуу үчүн жеткиликтүү валюталар: сом, евро, рубль же АКШ доллары.
MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ №014/1 лицензиясы.