Abank_nov
SerepTV Logo

Жылдык 14,11 пайызга чейин: MBANK «Мудараба» аманатынын күтүлгөн кирешелүүлүгүн жогорулатты

Жылдык 14,11 пайызга чейин: MBANK «Мудараба» аманатынын күтүлгөн кирешелүүлүгүн жогорулатты

MBANK исламдык каржылоону өнүктүрүп, «Мудараба» аманатынын күтүлгөн кирешелүүлүгүн жылдык 14,11 пайызга чейин жогорулатты. Бул тууралуу банктан билдиришти.

Мөөнөттүү аманатты MIslamic'те 36 айга чейинки мөөнөткө ачууга болот. Каражатты жайгаштыруу мөөнөтүн кардар өзү тандайт. Күтүлгөн киреше ай сайын төлөнөт.

Аманат исламдык каржылоо шарттарында иштейт жана банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган.

Аманатты ачуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

  • төмөнкү оң бурчтагы «Дагы» баскычын басыңыз;

  • профилиңизге кирип, банкинг түрүн MIslamic'ке өзгөртүңүз;

  • башкы менюдан «Мудараба» бөлүмүн тандаңыз;

  • аманаттын ылайыктуу түрүн тандап, «Улантуу» баскычын басыңыз;

  • шарттары менен таанышып, маалыматтарды толтуруңуз жана «Улантуу» баскычын басыңыз;

  • «Аманатты ачуу» баскычын басыңыз;

  • SMS аркылуу келген бир жолку кодду жазыңыз.

Андан кийин аманатыңыз «Мудараба» бөлүмүндө пайда болот.

Аманатты ачуу үчүн шилтеме аркылуу дароо өтсөңүз болот. Ошондой эле MBANK’тын жакынкы бөлүмүнө жеке кайрылып ачсаңыз болот.

MIslamic — исламдык санарип банк.
КРУБ №014/1 лицензиясы.

SEREP MEDIA