Чүйдө тергөөчү пара менен кармалды

УКМК кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөөлөр кызматы менен биргеликте милициянын капитаны Ж.А.Ж.ни 150 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармашты.

Тергөө версиясына ылайык, ал кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн акча талап кылган.

Укук коргоо органынын кызматкери кылмыш үстүндө кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.