10 жыл күткөн наристе. Ырчы Назира Кадыева уулдуу болду

Ырчы, ди-джей Назира Кадыева кечээ, 21-июнда уулдуу болду. Жагымдуу жаңылыгын сүйүнчүлөгөн ал буларга токтолду: «Кудай буюруп, аман-эсен көз жарып алдым. Уулумдун салмагы 3 килограмм 600 грамм, бою 50 сантиметр болуп төрөлдү. Ден соолугума байланыштуу көп убакыттан бери төрөй албай жүргөм. Жолдошум экөөбүз бул наристени он жыл күттүк. Ага чейинки уулум Акназар жакында 10 жашка чыгат».

Айта кетсек, ырчы буга чейин Акмарал аттуу кызды жана Акназар деген уулун тарбиялап келген.