10 жылдык мааракесинде ырчы Айзада Жамгырчиева мугалимдери менен окуучуларга акчалай белек берди

Алпаруучу, ырчы Айзада Жамгырчиева мектепти аяктаганына 10 жыл болду. Ал мааракеден видеону Инстаграм баракчасына жарыялады.

Алпаруучу Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы Султаналы уулу Кушубак атындагы орто мектебине барды. Иш-чара учурунда ал мектеп окуучуларына, окуткан мугалимдерине акчалай белек, китептерди тапшырды.