11 жаштагы Касымбек Бердикулов 3 ай Кыргызстанды кыдырып Манас айтты

Баткен облусунун Лейлек районунун Жети-Таш айылынын 11 жаштагы тургуну, жаш манасчы Касымбек Бердикулов үч ай бою Кыргызстанды кыдырып Манас айтып келди. Бул тууралуу прездентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Бүгүн Касымбекти жана анын жакындарын, мугалимдерин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков кабыл алып, ыйгарым укуктуу өкүлдүн белектерин тапшырды. Жаныбек Исаков жаш манасчыга ийгиликтерди каалап, кыргыз элинин муундан муунга сакталып келаткан улуу мурасын даңазалоого кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирип, келечекте улуу манасчылардын жолун улаган мыкты манасчылардан болоорунан зор үмүт артаарын айтты. Ошондой эле Касымбектин мугалимине ыйгарым укуктуу өкүлдүн “Ыраазычылык каты” тапшырылып, ата-энесине алкыштар айтылды», — деп айтылат маалыматта.