«120 күн реабилитациялык борбордо жаттым». Автокырсыкка кабылган композитор Эркин Мукашев абалы тууралуу айтты

Кыргыз журтуна белгилүү болгон «Танец под дождём» ырынын автору, ырчы, композитор Эркин Мукашев кышында автокырсыкка кабылып, 120 күн реабилитациялык борбордо дарыланып, эми гана үйүнө чыгып келди. Бул тууралуу композитор СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Январь айынын аягында Караколдон келатып, рулда бараткан досум уктап кетип автокырсыкка кабылганбыз. Досумдун буту кайрылып, жеңил жаракат алган. Мен коопсуздук курун тагынган эмес болчумун, дагы жакшы коопсуздук жаздыкчалары иштеп, аман калдым. Бирок бети-башым айрылып, жаракатым көбүрөөк болду. Улуу кызым дароо Бишкектеги менчик реабилитациялык борборду таап, ал жакта жаракаттарымды тигип, дарылоо курсун баштадым. Мен психологиялык жактан катуу жабыр тарткан экем, түнү уйкум качып, каргашалуу кырсык көз алдымдан кетпей койду. Уктатуучу дарыларды ичпей, арт психологдор менен иштештим. 2-июнда, 120 күн дегенде калыбына келтирүүчү борбордон дарыланып чыктым. Азыр абалым жакшы, көбүрөөк басыңыз дешти эле, дарыгерлердин айтканын кылып жатам», — дейт Эркин Мукашев.