Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүлөрү Кыргызстанга келди

«Манас» эл аралык аэропортунда Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

«Балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова менен бирге башкы машыктыруучу Нурбек Изабековду жеңиши менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилиги куттуктады»,- деп айтылат маалыматта.

Ислам шериктештиги оюндары быйыл Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча мелдештерге катышат. Бүгүнкү күндө биздин курама команданын куржунунда 17 медаль бар – 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло. Оюндар 18-августка чейин уланат.