16 жаштагы Алтынай Ботоярова «Кыргызстан сулуусу-2021» сынагында жеңүүчү аталды

Бишкекте «Кыргызстан сулуусу-2021» сынагынын финалы өтүп, ага 31 кыз катышты. Алардын арасынан «Кыргызстан сулуусу-2021» наамы 16 жаштагы Алтынай Ботояровага ыйгарылды.

Моделдик кесипти аркалаган сулуу буга чейин «Мини Мисс Кыргызстан-2014» жана 2020-жылы «Мисс Кыргызстан» сынагына катышып, биринчи вице-мисс наамын алган. Ботояровага 5 миң долларлык алтын жана күмүш кошулган таажы кийгизилип, 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.