«20 жаштан ашкан соң, 20 пайыз арзандатуу болот». Төкмө акын ага видео жөнөткөндөргө тамашалуу жооп берди (видео)

Буга чейин ырчы Нурайым Акылбекова соцтармактагы баракчасына ата-энеси менен тамактанууга бара жаткан видео менен бөлүшкөн. Анда калың тууралуу кеп болуп, 1 миллион сом тууралуу тамаша айтылган.

Төкмө акын Нурсултан Малдыбаев ага видео жөнөткөндөргө тамашалуу жооп кылды. Ал кара кыздай таланттуулар үчүн 10 миллион тапса болорун, азыр ырчы кыз 19 гана жашта экенин, 20дан өткөндөн кийин 20 пайыз арзандатуу болорун айтып, күлдүрдү.