«20 жылдан ашык жүрөк оорусу менен алышты». Бактыбеков Мамытовду кесиптеши эскерди

Кыргыз Эл артисти, легендарлуу «Арноо концертин» алып барган диктор Бактыбеков Мамытов 20 жылдан ашык жүрөк оорусу менен алышып, 72 жашында каза болду. Тележылдыздын кесиптеши Назира Аалы кызы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине диктордун акыркы күндөрүн айтып, эскерип кетти.

«Агай жүрөк оорусу менен 20 жылдан ашык алышып келди. Жүрөгүнө жасалма клапан орнотулган болчу. Эл жакшы көргөн үчүн, элдин сүйүүсү, деми менен ушунча жашап келатат дешчү. Агай телевидениенин символу, адамгерчиликтин символу болчу. Бир чымынга да жамандык кылбаган сонун адам эле. 

Акыркы кезде агай көп убакыт төшөктө жатып калды, ошого деле кайыл болуп, аман болсо болду дечүбүз. «Арноо концерти» эски формат, токтотпойсуңарбы?» дегендер да болду. Бирок Гүлшан эже (Гүлшан Молдоева), Бактыбек агай үчүн ал берүү жашоосундай болуп калбадыбы. Агайдын элибиздин жакшылыгы, туулган күнү менен куттуктаганын бата бергени деп билебиз. Ошон үчүн дагы эл Бактыбек агайдын батасын ала берсин деп биз берүүнү улантып келгенбиз», — дейт кесиптеши Назира Аалы кызы.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Алмалуу айылында жарыкка келген. Кыргыз Улуттук университеттин кыргыз филология факультетинде окуп, ал жактан группалашы менен көңүлү төп келип, баш кошкон. Экөө 2 кыз, 4 уулду татыктуу тарбиялап өстүрүшкөн.