2024-жылы наристелүү болгон атактуулар

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги 2024-жылы наристелүү болгон атактууларды тизмектеп чыкты.

1. Блогер Бегимай Ивакова менен жолдошу ушул жылы экинчи ирет ата-эне болушту. Блогер айым 4-январда уул төрөдү.

2. Актёр Эркин Усенбаев менен жубайы Ажара Шайыкова да январь айында уулдуу болушуп, алгачкы ирет ата-эне статусун алышты.  «Сүйүнчү! Уулдуу болдук. Кудайга шүгүр. Уулум үчүн рахмат», — деп жазган актёр. 

3. Ырчы Назира Токонова да кош бойлуу экенин, кыз күтүп жатышканын ачыктаган. Ал эми 20-январда соцтармактагы баракчасына көз жарганын билдирген.  «Кош келдиң өмүрүмө» деген ырчы ымыркайдын видеосу менен бөлүшкөн. 

4. Өтүп бара жаткан жылы ырчы Мирбек Иманбеков да кырк жылкылуу болду. Ырчынын жубайы 20-январда көз жарган.

5. Ырчы Ирлан Таалайбеков бул жылы төртүнчү ирет ата болду. Ал 21-январда соцтармактагы баракчасына жубайы кыз төрөгөнүн жазган.

6. «Маданияттын мыкты кызматкери», актёр Нуржаасын Жумагулов 16-февралда кыздуу болгонун жар салган.

7. Актёр Чыңгыз Максүтов менен блогер Айдина Турдалиева ата-эне статусуна ээ болушту.  Блогер айым 14-апрелде көз жарган. «Сүйүнчү! Биз ата-эне болдук», — деп жазган ал.

8. Ырчы Ильяз Абдыразаковдун жубайы Медина 15-май күнү көз жарган. «Төртүнчү жолу ата болуп кубанып турам. Эне-баланын абалы жакшы» деген ырчы мырза.

9. Ырчы Кызсайкал Кабылова 18-майда уулдуу болгон. Ал соцтармактагы баракчасында уулуна Рамиль деген ысым бергенин жазган.

10. Ырчы Самат Муратбеков үч кыздан кийин уулдуу болорун билген. Ал 31-майда уулу менен жубайын төрөтканадан чыгарганын билдирген.

11. Теле алып баруучулар Максат Довранов жана анын жубайы Алтынай Манасбекова 11-июнь күнү кыздуу болушкан. Алар кызына Амина деген ысым берген. «Кызымдын атын чоң энеси Амина деп атады” деген Максат Довранов.

12. «Сүйөм дечи», «Кекеч» тасмаларына тартылган актриса Рахат Божокоева 27-августта көз жарган.  «27.08.2024. Кудайга шүгүр, дагы бир кыздуу болдук. Мен үчүнчү ирет апа болдум», — деп жазган ал.

13. Блогер Сезим Жолдошбекова сентябрь айында көз жарды. Ал кубанычтуу кабары менен соцтармактагы баракчасында кабарлаган. «Сүйүктүүм, кызым үчүн рахмат. Бул жашоомдогу эң чоң белек болду»,- деп жазган ал.

14. Ошондой эле сентябрь айында актёр Эмил Эсеналиевдин жубайы Айгерим Козукеева да көз жарды. «Сүйүнчү! Кыздуу болдук»,- деп жазган актёр. 

15. 17-сентябрь күнү ырчы Айнура Салахидинова көз жарган. Курбусу ырчы Роза Шакирова Салахидинованын кыз төрөгөнүн сүйүнчүлөгөн.

16. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова октябрь айында көз жарды. Каримова төртүнчү наристесин күтүп жатышканын айтып, «гендер пати» өткөрүп, кыздуу болорун билген. Кызынын атын Айсулуу Тыныбекованын урматына Айсулуу деп койгон.

17. «Чоочун киши» сериалында роль ойногон актриса Назбийке Айдарова 2-октябрда көз жарды. Бул тууралуу анын жолдошу соцтармактагы баракчасына сүйүнчүлөгөн. «Сүйүнчү, биз уулдуу болдук. Уулум Алан инилүү болду. 2-октябрда төрөткө катыштым, бул мен үчүн тасмадай эле болду. Ымыркай менен кошо ыйлап алдым», — деп жазган ал.

18. Ырчы Назгүл Токтакунова (Yella) соцтармактагы баракчасы аркылуу дагы бир ирет эне болгонун сүйүнчүлөгөн. Ал 2-октябрда көз жарган.

19. Ырчы Максат Садырбековдун жубайы Айсулуу Молдалиева ноябрь айында көз жарды. Бул алардын үчүнчү наристеси. 

20. Ырчы Айар да үстүбүздөгү жылы ата статусуна ээ болду. «Сүйүнчү. Жаным, кызым үчүн ыраазычылык»,- деп жазган ал.

21. Журналист Мирзат Муканов менен жубайы Айзуура Иманалиева да бул жылы наристелүү болушту.

22. “Ай, кызым”, “Ошко, Ошко” деп ырдаган ырчы Сурма Тургунаалы кызы эгиз уулдарды жарыкка алып келди. “Эгиз наристелерди күтүп жатканыбызды эч кимге айткан эмеспиз. Түшүмө келген аяндан кийин ата-энелерибиз менен кеңешип, уулдарга Илим жана Билим деген ысым ыйгардык” деген ырчы.