23 жаштагы Айжан Чаначева «Жер сулуусу-2022» сынагына катышат

«Мисс Кыргызстан-2019» сулуулар сынагынын 23 жаштагы жеңүүчүсү Айжан Чаначева «Жер сулуусу-2022» сынагына Кыргызстандын атынан катышат.

«Мисс Кыргызстан» дирекциясынан билдиришкендей, сынак 2022-жылдын күз айларында Филиппиндин борбору Манилада өтөт.

Айжан Чаначева Нарын шаарында төрөлгөн. Кийин үй-бүлөсү менен Бишкек шаарына көчүп келишкен. Ал 12 жашынан баштап хореография менен машыгып келет. 4 бир туугандын эң улуусу. 2020-жылы КУУнун Кыргыз-Европа факультетинде «Эл аралык бизнес менеджменти» бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаган. Окууну аяктагандан кийин грантка ээ болуп, Тайванда окуусун уланткан. Ал акыркы 2 жылдан бери Тайванда жашайт. Окуудан тышкары Тайвандагы моделдик агенттиктер менен келишимдин негизинде модель болуп иштейт. Чаначева англис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.