«3 жыл мурун катуу жыгылгам». Ырчы Алтынай Жайнакова Бишкекте операция жасатты

Былтыр май айында ырчы Алтынай Жайнакова Ташкентке барып, операция болорун айтып, төмөндөгүдөй маалымат берген.

«Мындан 2 жыл мурун бир жаман адам мага кедергисин тийгизген. Ошондон бери көпкө ойлонуп жүрдүм. Буюрса, Ташкенттен жакшы хирург таап, июль айында барууну пландадым. Азырынча кандай операция болорун айта албайм. Бирок ошол жаман окуяны эске салган нерседен толук арылсам дейм», — деген ал.

Бүгүн, 12-майда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Алтынай Жайнакованын операцияны Ташкентте эмес, Кыргызстанда жасатканы маалым болду. Өзү менен байланышып, ырчы айымдан абалын сурадык. «Рахмат, жакшы болуп баратам. Абалымды сураганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Ташкенттеги операцияны бизде, Кыргызстанда андан да мыкты жасаган кыйын хирургдар бар экен. «Өзүбүз жасайбыз» деп жеңил жана ийгиликтүү операция жасашты. Операция кечээ 4 саат болду. Мен мындан 3 жыл мурун катуу жыгылгам. Буюрса өзүмө келгенден кийин кененирээк бөлүшөм», — деди ал.