«3-класстан бери ырдайм». «Санат ыры», «Кең дүйнө» ырларын катыра ырдап жүргөн Ырыскелди Сатыбалдиев менен маек

Учурда ТикТок социалдык тармагында Улуттук филармониянын солисти Ырыскелди Сатыбалдиевдин «Санат ыры», «Кең дүйнө» аттуу ырларды аткарып жатканда тартылган видеолору байма-бай тарап, популярдуу болуп жатат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ырыскелди Сатыбалдиев менен маектешип, көпчүлүк кызыккан бир нече суроолорго жооп алдык.

— Мен Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Алма айылында төрөлгөм. 2016-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, 2020-жылы бүтүргөм. Билимим орто.

—  Кичинеңизден эле ырга жакынсызбы? Үйдөгүлөрдөн кимиси жакшы ырдайт?

— 3-класста окуп жүргөндө мектепте сынакка катышып, ошол сынакты жеңип алгам. Ошондон бери ырдап жүрөм. Үйдө байкем, эжем жана иним ырдайт. Баарынын музыкалык жогорку билими бар.

Кантип филармонияда солист катары иштеп калдыңыз?

— Филармонияга маэстро Асылбек Насиртегиндин сунушу, ошол кишинин акыл-наасаты менен тандоо сынагына катышып калдым. Сынактан өтүп, иштеп жатам.

Сиздин буга чейин эле ыр жаздырып келгениңизди билебиз, бирок эмнегедир ал ырлар эмес, «Санат ыры», «Кең дүйнө» менен популярдуу болуп кеткендейсиз. Мунун себеби эмнеде?

— Ооба, ошондой болуп жатат. Эми бул ырлар элдин канына сиңип калганы үчүн болсо керек. Авторлору жөнөкөй кишилер эмес да, Чубак Сатаев, Гүлжигит Сатыбековду эл жакшы көрүп, угушат. Балким ошол үчүн.

— Сизди көчөдөн тааныгандар болуп жатса керек. Элдин назарында болуу жагып жатабы?

— Ооба, таанып калып жатышат. Жакшы экен, себеби таанып калгандар жакшы каалоо-тилектерин айтышат.

— Көпчүлүккө өзгөчө костюмуңуз жагат, ошол костюмуңуз тууралуу айтып берсеңиз…

— Мен негизи жөнөкөй эле костюм кийип жүрчүмүн. Анан маэстро «сен жашсың, креативдүү болушуң керек» деди, анан ушул костюмду алып калдым. Кээ бирине жагат, кээ бирине жакпайт. Бирок өзүмө жагат (күлүп).

Алдыдагы пландарыңыз тууралуу айтып берсеңиз…

— Жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатабыз. Буйруса, жакында чыгарабыз.

— Ийгилик!