38 миллион долларга «Жибек жолунун алыскы шамалы» сериалы тартылат

40 сериядан турган «Жибек жолунун алыскы шамалы» кино сериалы тартылат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Сериал тартуу боюнча макулдашууга Маданият министрлиги менен «Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd.» кинокомпаниясы ортосунда макулдашууга кол койду. Долбоордун демилгечиси кытай тарап болуп саналат. Кытай тараптын маалыматы боюнча кинонун сценарийи 40 сериядан турат. Тартуу иштери 2023-жылдын экинчи жарымында башталат (тартуу республика боюнча, анын ичинде Казакстан жана Өзбекстан боюнча жүргүзүлөт). Бюджети 38 миллион долларды түзөт.