«4 жылдан бери чогуу жашабайбыз». Асел Кадырбекова жеке жашоосуна байланышкан суроолорго чекит койду

Ырчы Асел Кадырбекова социалдык тармактагы баракчасында жеке жашоосуна байланышкан суроолорго чекит койду.

«Убакыт келди окшойт. Биз Нурлан экөөбүз 2021-жылдын январь айынан бери чогуу жашабайбыз. Бирок 2022-жылы элдешүүгө аракет кылдык, 3 айдан кийин бүлдүрүлгөн нерсе, кайра калыбына келбесин түшүндүк. Мен бул темада сүйлөшүүдөн качам, ошондуктан маек бербейм, шоу берүүлөргө да барбайм. Нурлан экөөбүз дос бойдон калдык. Ал кызы менен каалаган учурда көрүшө алат. 4 жылдан бери ажырашууда болгон үчүн таарыныч деле калган жок. Мен муну айтпайт элем, бирок «Нурлан кайда?», «Эмнеге өзүң жүрөсүң?» деген суроолордон качуу оңой эмес», — деп жазды ал.