«400 миң сом жумшадым». Ырчы Алтынай Жайнакова Бишкекте кийимдер дүкөнүн ачты

Ырчы Алтынай Жайнакова Бишкекте кийимдер дүкөнүн ачты. Ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жаңы баштап жаткан бизнеси тууралуу айтып берди.

«Негизи өзүмдүн менчик бутигим болсо деп кыялданып жүрчүмүн. 4 айдан бери ушул теманын үстүнөн ойлонуп жүрүп, Кудайым буюруп тилегимди ишке ашырдым. Дүкөндү ачууга жалпы 400 миң сом жумшадым, анда айымдардын саркеч кийимдери сатылмакчы. Тобокелчилик болбогон жерде ийгилик жок дешет. Андыктан көздү жумуп туруп ишимди баштадым», — дейт ырчы.