Ырчы Самат Муратбеков үчүнчү ирет кыздуу болду

“Жебе” тобунун мурдагы солисти, ырчы Самат Муратбеков үчүнчү ирет кыздуу болду. Маалыматты ырчы өзү тастыктап, кубанычы менен тең бөлүштү.

“Келинчегим 27-сентябрда түнкү 12 жарымда көз жарды. Наристебиз айына жетпей төрөлгөндүктөн, учурда вакуумда жатат. Жубайым кесерово сечение менен төрөп, бир аз кыйналып калды. Азыр шүгүр, экөөнүн тең ден соолугу жакшы. Кызыбыздын атын – Руслана деп койдук” деди ырчы.

Ошондой эле, келинчеги көз жарар күнү жаңы унаа алганын жана ал унаа менен алгач эле жубайын төрөтканага алып барганын кошумчалады.