5 күн жана 5 түн! Дөөлөт Сыдыков Москвада манас айтып баштады (видео)

Манасчы Дөөлөт Сыдыков бүгүн, 31-августта Москва шаарында Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинин имаратында манас айтып баштады. Бул тууралуу манасчынын соцтармактагы баракчасында маалымдалды.

Иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата кыргыз диаспора кеңешинин чакыруусу жана элчиликтин колдоосу менен уюштурулуп жатканы маалым болгон.

Дөөлөт Сыдыков 2020-жылы Гиннесстин рекорддор китебине катталуу максатында Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында 14 саат 27 мүнөт бою манас айткан. Бирок анын бул аракети расмий катталган эмес.