“5 күндөн кийин концертке чыгат”. Гүлзат Байзакованын келини, комузчу Айсаана Оморова көз жарды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзат Байзакова неберелүү болду. Тагыраагы уулу Эмил Ишен уулу менен келини, комузчу Айсаана Оморова уулдуу болушту.

“Келиним кечээ, 20-мартта борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы. 25-мартта балдарым концерт коюшмак, ошого даярданып жүрүп эле төрөдү. Концертте келинимдин ордуна чыга турган башка адам жок болгондуктан, буюрса өзүм чыгам деп отурат”, — дейт Гүлзат Байзакова.

Белгилей кетсек, 25-мартта Гүлзат Байзакованын уулдары менен келини мүчө болгон “Үркөр” жаңы ансамблинин алгачкы концерти орун алат.