Женнифер Энистон алгачкы жолу балалуу боло албарын жана Брэд Питт менен ажырашуусунун себебин айтты

Голливуд актрисасы Женнифер Энистон алгачкы жолу балалуу боло албарын, Брэд Питт менен болгон ийгиликсиз никеси жана 90-жылдардагы эң популярдуу «Достор» телесериалынын чыныгы жашоосуна тийгизген таасирин Allure журналына ачык-айрым айтып берди. 

Атактуу эч качан жеке жашоосун, тактап айтканда, эне боло албай турганын жана Голливуддун келбеттүү жылдызы Брэд Питт менен болгон ийгиликсиз никеси тууралуу буга чейин ооз ачкан эмес. Женнифер Энистон күчтүү жана көз карандысыз аялдын образын тартуулап келип, бирок ал ушуга чейин балалуу болууга аракет кылып келгени менен анын аракеттери майнапсыз болгонун айтты. «Чынында эле кыйын болду. ЭКО жасаттым, кытай чайларын ичтим жана дагы көп нерсеге бардым. Мен ага бүт күчүмдү жумшадым. Эгер кимдир бирөө мага ошондо эле энелик клетканы тоңдур деп койгонунда… Эми эч нерсе өзгөрбөйт. Кеме сүзүп кетти», — деди Энистон.

Актриса Питт менен балалуу боло албагандыктан ажырашкан деген маалыматты тастыктаган эмес. «Аялдын ийгиликке жетип, бирок балалуу болбой калгандан Кудай сактасын… Мени жолдошум төрөбөгөнүнөн таштап кеткен деген — калп. Мен жөн гана карьерамды курдум. Учурда менде жашыра турган эч нерсем жок», — деди ал басылмага.