«7 сериядан турат». Кыргыз тилиндеги мультфильм тартылып жатат (сүрөт)

Кыргызфильм киностудиясы жана «Карек балдар киносунун Фонду» менен биргеликте «Амантай менен Айтуяк» аттуу анимациялык тасмасын тартуу иштери уланууда. Бул тууралуу Кыргызфильмден билдиришти.

Тасма кыргыз тилин өнүктүрүү багытында, атайын балдарга арналган кыргыз тилиндеги анимациялык фильм. Мультфильмде Амантай менен асмандан түшкөн Айтуяк экөөнүн кызыктуу окуялары баяндалат.

Тасма 7 сериядан турат.